# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25650/edition/6429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004650

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-январы № 17

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:

- 28-пункттун кыркынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Сабактарды алмаштыруу үчүн акы 4 айдан (мугалим кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда 9 ай) ашык төлөнбөйт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин алмаштыруу сааттары тарификациялык тизмелерге кайра квалификацияланат. Мугалимдер жок, мугалимдер оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыз болгон, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда мугалимдерге 1-4-класстарда жумасына 16 саат, 5-11-класстарда - жумасына 18 саат алмаштырууга уруксат берилет, мында жалпы билим берүү уюмунун алмаштыруучу мугалиминин сабак берүү жүктөмү алмаштырууну эске алуу менен 1-4-класстарда жумасына 32 сааттан, 5-11-класстарда - жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.".

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетинде каралган ассигнованиелердин чегинде ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
