# Кара-Жал айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 10 "Кара-Жал айыл аймагындагы «Сабатар-Соно» суу пайдалануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Жал айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 10 "Кара-Жал айыл аймагындагы «Сабатар-Соно» суу пайдалануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25645/edition/6424/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Жал айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 10 "Кара-Жал айыл аймагындагы «Сабатар-Соно» суу пайдалануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (22.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004649

---

КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Жал айылдык кеӊешинин ХХIХ чакырылышынын кезексиз 7 - сессиясы 2022-жылдын 22-февралы № 10 Кара-Жал айыл аймагындагы «Сабатар-Соно» суу пайдалануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 мыйзамы менен толуктоо киргизилген Суу Кодексинин 161 беренесине ылайык, Кара-Жалайыл аймагындагы «Сабатар-Соно”суу пайдалануучулар ассоциациясынын Кеӊешинин №1-протоколунун жана зоналдык өкүлдөр жыйынынын № 2-протоколунун негизинде «Сабатар-Соно» суу пайдалануучулар ассоциациясынын дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Кара-Жал айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү маселесин карап, талкуулап чыгып, Кара-Жал айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймактагы Тегизчил, Боз-Булуӊ, Кара-Жал айылдарынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципиалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

2. Ирригациялык курулмалары муниципалдык менчиктин объектиси катары реестрге киргизилсин.

3. Сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселе катары чечүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо, анын ичинде ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы субсидий катары берилсин.

4. Ирригацияны өнүктүрүү боюнча айыл аймактын ивестициялык программасы иштелип чыксын.

5. Токтом ММК жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы С.К. Баракановго жүктөлсүн.

Төрага

Жумашов Р.О.
