# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25616/edition/6390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004618

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январы № 9

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 180 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 293-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Долбоордук кум сааты" режиминде "Өзгөн шаарынын айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы Өзгөн шаарынын айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөш болуп аныкталсын.

3. Долбоордук автомобиль жолунун курулушу жеке инвестициялардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп аныкталсын.

3-1. Кызыл-Октябрь чалдыбарынын археологиялык эстелигинин сакталышын камсыз кылуу менен анын бузулган бөлүгүнүн аймагында Өзгөн шаарынын айланма автомобиль жолун курууга уруксат берилсин. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 180 токтомунун редакциясына ылайык) 3-2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясына "Тез Жол" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун компанияларынын консорциуму менен биргеликте автомобиль жолунун курулушун жүргүзүүдө жана аны эксплуатациялоодо төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:

- ушул токтомдун 3-1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участогунда иштерди аткарууга археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн адис-археологдорду тартуу;

- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди уюштуруу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 180 токтомунун редакциясына ылайык) 3-3. Кызыл-Октябрь чалдыбарынын археологиялык эстелигине археологиялык изилдөөлөрдү каржылоо, документтештирүү жана консервациялоо "Тез Жол" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун компанияларынын консорциумунун атынан заказчынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 180 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте "Тез Жол" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун компанияларынын консорциумунун атынан кызыкдар тарап менен "долбоордук кум сааты" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол койсун.

5. "Долбоордук кум сааты" режиминде Өзгөн шаарынын айланма автомобиль жолунан жүрүүгө тарифтер тиркемеге ылайык жактырылсын.

6. "Өзгөн шаарынын айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2029-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде кошумча нарк салыгынан бошотулсун.

7. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин эсебинен 86,6 гектар өлчөмүндө жер участокторун бөлүү, анын ичинде курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган жеке үлүштүк жерлердин ээлерине компенсацияларды төлөө боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ушул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү документтерди киргизсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

Тиркеме

"Долбоордук кум сааты" режиминде Өзгөн шаарынын айланма автомобиль жолунан жүрүүгө ТАРИФТЕР

№

Кирешелер

Баасы сом менен

1

Жеңил автомобилдердин жүрүүсү үчүн акы төлөө

200,0

2

Чиркегичи жок эки октуу жүк ташуучу автомобилдердин жана автобустардын жүрүүсү үчүн акы төлөө

350,0

3

Башка жүк ташуучу автомобилдердин жүрүүсү үчүн акы төлөө

700,0
