# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25613/edition/6385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004611

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 11-январы № 6

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, санариптик технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик баалуу кагаздардын жаңы инструментин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 60-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу, эсепке алуу, пайдалануу жана жоюу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы атайын программалык платформанын техникалык оператору болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
