# Жылалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 04-апрелиндеги № 31 "2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жылалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 04-апрелиндеги № 31 "2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25592/edition/6361/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жылалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 04-апрелиндеги № 31 "2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтому (04.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004583

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

2023-жылдын 04-апрелиндеги № 31

2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын, Г.Бектемированын 2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө 28.03.2023-жылдагы маалыматтарын, айылдык кеңештин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 29.03.2023-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты №33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы №81, 2003-жылдын 28-июнундагы №118, 2009-жылдын 20-июлундагы №240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы №206, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2014-жылдын 18-июлундагы №144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14-статьясынын негизинде, 2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров
