# Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №60 "Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №60 "Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25569/edition/6337/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №60 "Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004556

---

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

2024-жылдын 12-апрели № 60 Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө 2023-жылга инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарган иш аракеттери жана 2024-жылга коюлган иш пландары тууралуу Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

2023-жылга карата Кара-Булак айыл аймагына инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш- чараларын ишке ашырууга кошумча инвестицияларды жана гранттарды тартуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров
