# Документтердин түрлөрүнүн тизмеги (Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген))

- Толук аталышы: Документтердин түрлөрүнүн тизмеги (Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген))
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-137/edition/6300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Документтердин түрлөрүнүн тизмеги (Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген)) (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004520

---

Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген)

Документтердин түрлөрүнүн тизмеги

Документтин коду\*

Документтин аталышы\*

Маалыматтар берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы

01191

Шайкештикти баалоо жөнүндө документ (же шайкештик сертификаты же болбосо шайкештик жөнүндө декларация)

Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган

01201

Ветеринардык сертификат

Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган

01202

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролго алынуучу товарларды ташып киргизүүгө уруксат

Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган

01204

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролго алынуучу товарларды транзит менен өткөрүүгө уруксат

Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган

01206

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган

01207

Фитосанитардык сертификат

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган

01209

Илимий-изилдөө максатында карантиндик объекттерди (карантиндик зыяндуу организмдерди) ташып киргизүүгө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган

(\*) Документтин аталышы жана коду Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген документтердин жана маалыматтардын түрлөрүнүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.
