Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Документтердин түрлөрүнүн тизмеги (Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) «бирдиктүү терезе» принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген))
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген)
Документтердин түрлөрүнүн тизмеги
Документтин коду*
Документтин аталышы*
Маалыматтар берилүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы
01191
Шайкештикти баалоо жөнүндө документ (же шайкештик сертификаты же болбосо шайкештик жөнүндө декларация)
Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган
01201
Ветеринардык сертификат
Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган
01202
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролго алынуучу товарларды ташып киргизүүгө уруксат
Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган
01204
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан берилген экспорттоочу өлкөлөрдүн эпизоотиялык абалына жараша контролго алынуучу товарларды транзит менен өткөрүүгө уруксат
Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган
01206
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы ыйгарым укуктуу орган
01207
Фитосанитардык сертификат
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган
01209
Илимий-изилдөө максатында карантиндик объекттерди (карантиндик зыяндуу организмдерди) ташып киргизүүгө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган
(*) Документтин аталышы жана коду Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 чечими менен бекитилген документтердин жана маалыматтардын түрлөрүнүн классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.