# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 "Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 "Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230004516/edition/6297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 "Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004516

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 25-марты № 130

Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
