Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан “Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңештирилген жарандардын категориялары үчүн пенсияларды жана жөлөк пулдарды дайындоого байланышкан соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү”, “Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2024-жылдын 16-апрелиндеги № 59
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан “Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңештирилген жарандардын категориялары үчүн пенсияларды жана жөлөк пулдарды дайындоого байланышкан соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү”, “Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан “Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңештирилген жарандардын категориялары үчүн пенсияларды жана жөлөк пулдарды дайындоого байланышкан соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү”, “Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Укуктук маалымат башкармалыгы:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизсин;
2) ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жана “Эркин-Тоо” гезитинин редакциясына расмий жарыялоо үчүн жөнөтсүн.
3. Калкка маалымдоо жана укуктук агартуу бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогоруда аталган стандарттарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун.
5. Пенитенциардык, пробациялык жана соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына жеткирсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары А. Зарылбек уулуна жүктөлсүн.
Министр
А.Б. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан “Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңештирилген жарандардын категориялары үчүн…Государственный стандарт · 16.04.2024 · № 59
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 603