# Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25506/edition/6258/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө" токтому (14.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004481

---

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

2022-жылдын 14-декабрындагы № 41

Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы

Т. Өзүбеков
