# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1967-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1967-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1967-VII
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15328/edition/6227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1967-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (04.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004444

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-апрели № 1967-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши, курулушка жана жолдорго тиешелүү башка маселелер тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1459-VII токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы; "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төрага

Н.Т. Шакиев
