# Мин-Булак айылдык кеңеши 2024-жылдын 9-февралындагы № 3 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айылдык кеңеши 2024-жылдын 9-февралындагы № 3 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25464/edition/6196/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айылдык кеңеши 2024-жылдын 9-февралындагы № 3 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (09.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004423

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 9-февралы № 3

Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

2. Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффициент 1,0 мүлк салыгы киргизилсин.

3. Салыктын коэффиценттерин көтөрүү маселесине тактоо жүргүзүү, салыктардын өз мөөнөтүндө жыйналышын камсыздоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага тапшырылсын.

Төрага

Т.Койчубаев
