Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 682 токтомуна)
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо түшүнүгүн жана методдорун, ошондой эле Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) карата өлкөнүн калкына медициналык жардамды сапаттуу көрсөтүү үчүн финансылык чараларды колдонуу шарттарын аныктайт.
2. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатынын деңгээлин аныктоого багытталган иш-аракеттердин жыйындысын билдирет.
3. Финансылык чаралар саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүүчү медициналык кызматтардын сапатынын деңгээлин жогорулатууга багытталган.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) тарабынан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун тартибин жана оң мүнөздөгү финансылык чараларды, ошондой эле терс мүнөздөгү финансылык чараларды колдонуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги) бекитет.
2-глава. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо методдору
5. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген клиникалык колдонмого, протоколдорго, операциялык жол-жоболордун стандарттарына шайкештигин талдоого жана баалоого багытталган.
6. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо төмөнкүдөй методдорду колдонуу менен жүзөгө ашырылат:
1) медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын экспертизалоо;
2) баалоо картасын колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо;
3) пациенттердин канааттануусун изилдөө.
7. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын экспертизалоо медициналык кызматтарды бузуулар менен же клиникалык колдонмого, протоколдорго жана операциялык жол-жоболордун стандарттарына шайкеш эмес көрсөтүү фактыларын аныктоо предметине карата ММК фондунун врач-эксперти тарабынан жүргүзүлөт.
8. Баалоо картасын колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо саламаттык сактоо уюмунун ишин комплекстүү баалоого: анын түзүмүн, клиникалык процесстерин жана натыйжаларын баалоого негизделет. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо саламаттык сактоо уюмунун ишинин ар кандай тараптарын чагылдырган жана баалоого мүмкүндүк берүүчү индикаторлордун комплексин билдирген баалоо картасы боюнча жүргүзүлөт.
9. Баалоо картасынын формасын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.
10. Пациенттин канааттануусун изилдөө пациенттерди сурамжылоо, даттанууларын жана сунуштарын кароо жолу менен жүргүзүлөт. Пациенттерди сурамжылоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анкеталоо аркылуу жүргүзүлөт.
11. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук актысына ылайык ММК фонду тарабынан жүргүзүлөт.
12. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жүргүзүлгөн контролдун жыйынтыгы саламаттык сактоо уюмдары боюнча оң же терс мүнөздөгү финансылык чаралардын эсептик суммаларын тиркөө менен түзүлөт.
3-глава. Финансылык чаралар
13. Жүргүзүлгөн сапатты контролдоонун жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо уюмдарына карата колдонулуучу финансылык чаралар оң же терс мүнөздө болушу мүмкүн.
14. Оң мүнөздөгү финансылык чаралар саламаттык сактоо уюму медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоону баалоонун оң натыйжасына жана саламаттык сактоо уюму көрсөткөн медициналык кызматтын сапатынын деңгээлинин көрсөткүчүнө жеткен учурда колдонулат.
15. Оң мүнөздөгү финансылык чаралар Бирдиктүү төлөөчү системасында пайдаланылуучу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн колдонуудагы механизмдерине кошумча болуп саналат.
16. Терс мүнөздөгү финансылык чаралар төмөнкүдөй учурда колдонулат:
1) саламаттык сактоо уюму тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатынын деңгээлинин оң көрсөткүчүнө жетпегенде жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоонун натыйжасы терс болгондо;
2) саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык кызматтар бузуулар менен же клиникалык колдонмого, протоколдорго жана операциялык жол-жоболордун стандарттарына шайкеш эмес көрсөтүлгөндө.
17. Терс мүнөздөгү финансылык чаралар калкка талаптагыдай эмес сапатта медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөөдөн ММК фондунун жарым-жартылай же толук баш тартуусу менен билдирилет.
18. Саламаттык сактоо уюмдарына карата оң жана терс мүнөздөгү финансылык чараларды колдонуу ММК фонду тарабынан жарым жылдык негизде жүзөгө ашырылат.
19. ММК фонду тарабынан оң мүнөздөгү финансылык чараларды, ошондой эле терс мүнөздөгү финансылык чараларды колдонуунун тартибин Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.
20. Саламаттык сактоо уюмдары оң мүнөздөгү финансылык чаралардын каражаттарын төмөнкүлөргө колдонот:
1) медициналык жардамдын сапатынын түзүмдүк жана клиникалык аспекттерин, анын ичинде материалдык-техникалык инфраструктураны жакшыртууга;
2) жабдууларды, инвентарларды жана башка материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды, лабораториялык кызмат үчүн реактивдерди сатып алууга;
3) медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга багытталган окууларга.
21. Оң мүнөздөгү финансылык чаралар түрүндө алынган каражаттар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кредиттик карыздарды төлөөгө жана өкүлчүлүктүү-административдик чыгымдарга пайдаланылышы мүмкүн эмес.
22. Саламаттык сактоо уюмдарына оң мүнөздөгү финансылык чараларга каражаттарды төлөө төмөнкү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
2) эл аралык уюмдардан жана донор өлкөлөрдөн алынган.
23. Саламаттык сактоо уюмдарына оң мүнөздөгү финансылык чараларга каралган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары, эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун тиешелүү жылга бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жыл сайын каралат.
4-глава
Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо уюмдарына багытталуучу финансылык чараларга каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук
24. Саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдардын талаптагыдай эсебин жүргүзөт жана финансылык отчет берет.
25. Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча ММК фонду тарабынан берилүүчү оң мүнөздөгү финансылык чараларга каражаттар боюнча бухгалтердик эсеби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
26. Саламаттык сактоо уюмдарынын оң мүнөздөгү финансылык чараларга каражаттарды пайдалануу боюнча финансылык отчеттуулугу саламаттык сактоо уюмунун бирдиктүү отчеттук формасынын курамына кирет, ММК фондуна жана анын аймактык башкармалыктарына бекитилген отчеттук формалар боюнча белгиленген мөөнөттө берилет.
27. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери оң мүнөздөгү финансылык чаралардын каражаттарынын чыгымдалышынын толуктугун, натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун камсыздоо, ошондой эле отчетторду өз убагында берүү жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.