# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 684-т (Иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 684-т (Иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 684-р
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19132/edition/6139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 684-т (Иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) Тескемеси (25.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004373

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 835-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 15-ноябры № 684-т

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүп турсун.

3. 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 704-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык КВОТА

Региондун аталышы

Саны

Бишкек шаары

100

Ош шаары

30

Баткен облусу

10

Жалал-Абад облусу

50

Ысык-Көл облусу

20

Нарын облусу

20

Ош облусу

50

Талас облусу

10

Чүй облусу

110

Республика боюнча жыйынтыгы

400
