# Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 28-1/18 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына технологиялык автожолду курууга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 28-1/18 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына технологиялык автожолду курууга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28-1/18
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25400/edition/6083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 28-1/18 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына технологиялык автожолду курууга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004320

---

ИЛЬИЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ильич айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-чакырылышынын кезектеги сессиясы 2023-жылдын 24-августу № 28-1/18 Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына технологиялык автожолду курууга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө "Терек-Таш" ЖЧКсынын башкы директору А.О. Түгөлбаевдин №23-93 19.06.2023-ж кайрылуусун карап жана талкуулап, технологиялык автожолду курууга жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 18-п. 4, 27-п. 1-беренелерин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 18, 27-беренелерин, "жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 5, 12-беренелерин негизинде, Ильич айылдык кеңеши:

ТОКТОМ кылат:

1. "Терек-Таш" ЖЧК технологиялык автожолун куруу үчүн Кемин районунун Ильич айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 3,54 га жер участокторунан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына карьерден Жаңы-Жол айылына чейин №1954 контурданл технологиялык автожолун куруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер "категориясынан" Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер " категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн белгиленген тартипте Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына, карьерден Жаңы-Жол айылына чейинки технологиялык автожолду куруу үчүн "Терек-Таш" ЖЧК технологиялык автожолун куруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечим чыгарылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ильич айыл өкмөтүнүн башчысына К.Р. Жетенбаевге милдеттендирилсин.

Ильич айылдык кеңешинин төрагасы

М.Э.Абакеев
