# Ильич айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 28-1/17 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ильич айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 28-1/17 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28-1/17
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25395/edition/6076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ильич айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 28-1/17 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004313

---

ИЛЬИЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ильич айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-чакырылышынын кезектеги сессиясы 2022-жылдын 20-майы № 28-1/17 Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Керимкулов Анарбек Жумабековичтин 03.02.2022-жыл кайрылунун негизинде жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 18-п. 4, 27-п. 1-беренелерине; "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 18, 27-беренелерине; "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине"; Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамынын 3, 4, 5, 12-беренелерине; Ильич айылдык кеңеши:

ТОКТОМ кылат:

1. Кемин районунун Ильич айыл аймагынын 595, 596, 585, 1260 контурунда жайгашкан А.К. Керимкуловго жалпы аянты 0,45 га чакан ГЭС орнотуу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн белгиленген тартипте Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына кичи ГЭСтерди орнотуу үчүн жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө кат менен А.Ж. Керимкуловго кайрылсын жана Ильич айыл өкмөтүнүн жайыт комитети менен макулдашсын.

1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы К. Р. Жетенбаевге милдеттендирилсин.

Ильич айылдык кеңешинин төрагасы

М.Э.Абакеев
