# Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-мартындагы "Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө" № 11/4 токтому

- Толук аталышы: Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-мартындагы "Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө" № 11/4 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/4
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25380/edition/6046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-мартындагы "Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө" № 11/4 токтому (12.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004282

---

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынынм XI кезексиз сессиясы 2024-жылдын 12-марты № 11/4 Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, жайыт, сугат суу адиси Кадырбек уулу Бексултандын Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү ашыкча жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгынын 1-пунктунун 3-абзацынын негизинде Ак-Кыя айылынын Кубаталы көчөсүндөгү идентификациялык номери: 4-01-13-1001-0049, 4-01-13-1001-0048, 4-01-13-1001-0047, 4-01-13-1001-0042, 4-01-13-1001-0041, 4-01-13-1001-0010, 4-01-13-1001-0038, 4-01-13-1001-0037 пайдаланып жүргөн жер тилкелеринин ашыкча жерлери, жалпы аянты 3 га жер аянты айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын Тоголок -Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдылдаевге тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Турдубеков
