# Орок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябры № 9/6 «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Орок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябры № 9/6 «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/6
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25343/edition/5998/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябры № 9/6 «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004234

---

ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 28-сентябры № 9/6 «Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» Орок айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы, Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун Орок айыл аймагында «Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетин бекитүү жөнүндө» кайрылуусун угуп жана талкуулап, Орок айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылыдын 29-августундагы ПЖ № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, Орок айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети Орок айылдык кеңешинин депутаттарынын, Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, жарандык коомдун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылыдын 29-августундагы ПЖ № 215 Жарлыгына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактулуу жобонун негизинде иш жүргүзүлсүн.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5.Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.

6. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Орок айылдык кеңешинин төрагасы

У. Бекболотов
