Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ
2024-жылдын 27-марты №28
2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-беренелерине, 2024-жылдын 5-мартындагы №60 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына, 2024-жылдын 14-мартындагы №77 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнунда № 117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоонун тартиби жөнүндө Жобонун жетекчилигинде, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча Жумушчу тобунун сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 жана Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 1-тиркемеге ылайык тѳмѳнкү жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары аккредитациялансын:
- 15 (он беш) жалпыга маалымдоо каражаттары;
- 3 (үч) интернет-басылмасы.
2. Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат
2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси
У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Эстертүү: 1-тиркеме жана 2-тиркеме караз түрүндө келип түшкөн эмес.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 77 "№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн…Указ · 14.03.2024 · № 77
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79