# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы №11 "Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы №11 "Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25335/edition/5990/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы №11 "Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (31.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004226

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2024-жылдын 31-январы № 11 Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына, 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн чыгыш-түндүк тарабынан асылдуулугу төмөн жайыт жеринен мамлекеттик менчиктеги №1800 контурундагы 1 гектар таштуу жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформацияга) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациядан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана комиссия төрагасы Нарзилла уулу Мунарбекке жүктөлсүн.

Төрага:

Ысаков С.Б.
