# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5320/edition/5973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (03.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004208

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 3-апрели № 75 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004208/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 403-беренеде:

а) 4-бөлүктө:

- "417-беренесинде" деген сөздөр "406-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги текстте "судьянын" деген сөздөн кийин ", соттун" деген сөз менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.";

2) 439-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Сотко чейинки сот өндүрүшүнүн кызмат адамдарынын чечимдерине даттануулар боюнча кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомдорду жана өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасын кошпогондо, апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануулар боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш эмес.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004208/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 28-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
