# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230004194/edition/5957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (09.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004194

---

КР Президентинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 202 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 3-апрели ПЖ № 88 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
