# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 05 "Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 05 "Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 05
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25313/edition/5959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 05 "Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө" токтому (20.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004189

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 20-марты № 05 Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5-пунктчасынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн Кара-Балта шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кара-Балта шаардык Кеңешинин аппаратынын штаттык бирдигине иш жүргүзүүчү-катчы кошумча штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилсин.

2. Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу деңгээли тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, туруктуу депутаттык комиссияларга, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына.

Кеңештин төрагасы

М.Дуйшеналиев

Тиркеме 20\_\_\_-ж. “\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_ КБШК № \_\_\_\_ Токтомуна

Кара - Балта шаардык кеңешинин максималдуу штаттык ченеми

№

Кызматтын аталышы

Штаттык ченемдин саны

1.

Төрага

1

2.

Жооптуу катчы

1

Баардыгы

2

ТТП

2

КТП

1

Жалпы

5

Эскертүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пункттун 5-пунктчасынын негизинде иш жүргүзүүчү-катчы кошумча штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилди.

Жооптуу катчы

Т. Бердыбаев
