Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 20-марты № 05 Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5-пунктчасынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн Кара-Балта шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаардык Кеңешинин аппаратынын штаттык бирдигине иш жүргүзүүчү-катчы кошумча штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилсин.
2. Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу деңгээли тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, туруктуу депутаттык комиссияларга, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы
М.Дуйшеналиев
Тиркеме 20___-ж. “___” ________ КБШК № ____ Токтомуна
Кара - Балта шаардык кеңешинин максималдуу штаттык ченеми
№
Кызматтын аталышы
Штаттык ченемдин саны
1.
Төрага
1
2.
Жооптуу катчы
1
Баардыгы
2
ТТП
2
КТП
1
Жалпы
5
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пункттун 5-пунктчасынын негизинде иш жүргүзүүчү-катчы кошумча штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилди.
Жооптуу катчы
Т. Бердыбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон