# Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылынын 8-февралындагы №531 “Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык , Кызыл-Токой айылындагы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылынын 8-февралындагы №531 “Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык , Кызыл-Токой айылындагы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 531
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25299/edition/5938/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылынын 8-февралындагы №531 “Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык , Кызыл-Токой айылындагы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” токтому (08.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004175

---

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясынын 2024-жыл 08-февралы №531

“Айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык , Кызыл-Токой айылындагы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жер аянтын ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы айыл чарба жерлерине караштуу мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын өткөрүп берүү жөнүндөгү №309 токтомунда көрсөтүлгөндөй, Терек-Сай айыл аймагынын жалпы 4 га кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жеринин 2 га (50 пайыз) жер аянты акт менен Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилгендиктен, 2 га жер аянтынын ижара акысын бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунда көрсөтүлгөндөй, айыл чарба жерлерине караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык, Кызыл-Токой айылындагы Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жеринин 2 га (50 пайыз) жер аянтынын ижара акысы 2910 сомго бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын салык инспектору Ө.Качикеевге жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

Тойчуев М.С.
