# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5319/edition/5943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004171

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 3-апрели № 74

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004171/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 9-пунктунда "стипендиялар, материалдык жардам" деген сөздөр "ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 9-1-берененин 1-пунктунда "жана стипендия түрүндөгү кирешелери, ошондой эле" деген сөздөр "түрүндөгү кирешелери, ошондой эле ар айлык негизде берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230004171/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

2024-жылдын 28-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
