# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 682 "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 682 "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 682
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25304/edition/5933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 682 "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004168

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-декабры № 682

Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө

Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык кызматтардын сапаттуу көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29, 51-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:

1) бюджетти жыл сайын түзүүдө Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата сапатты контролдоонун жыйынтыгы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жетишилген индикаторлору үчүн колдонулуучу финансылык чараларга каражаттарды карасын;

2) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата сапатты контролдоонун жыйынтыгы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жетишилген индикаторлору үчүн колдонулуучу финансылык чараларга каражаттарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жана эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган каражаттардан төлөөнү камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
