Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 682
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык кызматтардын сапаттуу көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29, 51-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу финансылык чаралар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
1) бюджетти жыл сайын түзүүдө Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата сапатты контролдоонун жыйынтыгы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жетишилген индикаторлору үчүн колдонулуучу финансылык чараларга каражаттарды карасын;
2) Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата сапатты контролдоонун жыйынтыгы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жетишилген индикаторлору үчүн колдонулуучу финансылык чараларга каражаттарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жана эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган каражаттардан төлөөнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 682 "Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата медициналык кызматтарды…Постановление · 21.12.2023 · № 682
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон