Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 679 токтомуна)
Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду (мындан ары - Фонд) түзүү жана жүргүзүү, маалыматтарды киргизүү жана бул маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, маалыматтарды өткөрүп берүү жана анда камтылган документтерди Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык маалыматтык системасына интеграцияланган маалыматтык системасынын улуттук сегментинин оператору тарабынан берилген шлюз аркылуу берүү эрежелерин белгилейт.
2. Фондду жүргүзүүнү, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнү кошо алганда, метрология боюнча улуттук орган - Фонддун Оператору уюштурат.
3. Фонд кагаздагы жана (же) электрондук-цифралык формадагы документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле маалымдама-издөө аппаратын камтыйт. Фонд мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүү үчүн ачык жеткиликтүү болгон жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында берилүүчү маалыматтарды камтыйт.
4. Фондду төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар түзөт:
1) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тексттери;
2) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы эл аралык (мамлекеттер аралык) документтердин тексттери;
3) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери (макулдашуулары);
4) аттестацияланган өлчөө методикалары (методдору) жөнүндө маалыматтар;
5) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү өлчөө каражаттарынын бирдиктүү тизмеги;
6) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондору жөнүндө маалыматтар;
7) стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери жөнүндө маалыматтар;
8) өлчөө каражаттарынын бекитилген типтери жана таанылган ченөө каражаттарынын бекитилген типтери жөнүндө маалыматтар;
9) өлчөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
10) өлчөө каражаттарын калибрлөө натыйжалары жөнүндө маалыматтар.
5. Чоңдуктар бирдиктеринин бекитилген эталондору жөнүндө маалыматтарды Фондго киргизүү метрология боюнча улуттук органда болгон маалыматтардын негизинде алар катталган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Фонддун Оператору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чоңдуктар бирдиктеринин эталондорун мезгил-мезгили менен текшерүү (калибрлөө) жөнүндө маалыматтар текшерүү (калибрлөө) жүргүзүлгөн датадан тартып 20 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Фондго киргизилүүгө тийиш.
6. Чоңдуктар бирдиктеринин бекитилген эталондору жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) мамлекеттик реестрдеги каттоо номери;
2) эталондун аталышы;
3) эталондун сактоочусу: аталышы, дареги, байланыштары;
4) бекитилген датасы;
5) метрологиялык мүнөздөмөлөр: номиналдык чоңдук, маанилер диапазону, эталон тарабынан ишке ашырылуучу аныксыздык;
6) метрологиялык байкоо жүргүзүү - эталонду калибрлөө (текшерүү) жөнүндө маалыматтар;
7) чоңдуктар бирдиктеринин эталондору жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөр.
7. Стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери жөнүндө маалыматтар аларды алган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Оператор тарабынан Фондго киргизилет.
8. Фондго жайгаштырылгандардын ичинен стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери жөнүндө жарыяланган маалыматтар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) стандарттык үлгүнүн бекитилген тибинин аталышы;
2) Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестриндеги стандарттык үлгүнүн тибинин номерине ылайык келген стандарттык үлгүнүн бекитилген тибинин каттоо номери;
3) типти бекитүүнүн колдонуу мөөнөтү (буга чейин ушул типтин стандарттык үлгүсү бекитилген типтин стандарттык үлгүсү болуп эсептелген дата көрсөтүлөт, көрсөтүлгөн дата типти бекитүүнүн колдонуу мөөнөтүнө киргизилет);
4) стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон сыноо актысын бекитүү датасы;
5) сыноо үчүн даярдалган жана (же) сыноого берилген стандарттык үлгүлөрдүн заводдук номерлери (нускалардын номерлери);
6) стандарттык үлгүнүн метрологиялык мүнөздөмөлөрү (аттестациялануучу мүнөздөмөлөрдүн аталышы, жол берилген аттестацияланган маанилердин интервалы, тактык көрсөткүчтөрүнүн жол берилген маанилеринин чектери);
7) жарактуулук мөөнөтү (нусканын жарактуулук мөөнөтү же стандарттык үлгүнүн метрологиялык мүнөздөмөлөрүн аныктоонун мезгилдүүлүгү);
8) заводдун номери (бир жолку өндүрүштүн стандарттык үлгүлөрү үчүн гана);
9) стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө метрология боюнча улуттук органдын чечими жөнүндө маалыматтар;
10) стандарттык үлгүлөрдү өндүрүүчү жөнүндө маалыматтар (стандарттык үлгүлөрдү чыгарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), юридикалык жактын жайгашкан жери жана дареги же жеке ишкердин жашаган (турган) жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - ИНН) (Кыргыз Республикасынын аймагында стандарттык үлгүлөрдү чыгарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн), телефондордун жана факстын номерлери, Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында электрондук почтанын жана расмий сайттын (мындан ары - расмий сайт) дареги (бар болсо);
11) стандарттык үлгүлөрдүн тибин же өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү тартибине ылайык стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн натыйжалары боюнча даярдалган стандарттык үлгүнүн тибин сыпаттоо, алар жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
9. Өлчөө каражаттарынын типтеринин бекитилген типтери же өлчөө каражаттарынын таанылган типтери жөнүндө жарыяланган маалыматтар (мындан ары - өлчөө каражаттарынын бекитилген типтери) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өлчөө каражаттарынын бекитилген тибинин аталышы жана белгилениши жөнүндө маалыматтар;
2) өлчөө каражаттарынын бекитилген тибинин модификациялары, аткарылышы жөнүндө маалыматтар;
3) Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестринде өлчөө каражаттарынын бекитилген (таанылган) тибинин номерине ылайык келген өлчөө каражаттарынын бекитилген тибинин каттоо номери жөнүндө маалыматтар;
4) өлчөө каражаттарынын бекитилген тибин колдонуу мөөнөтү жөнүндө маалыматтар (буга чейин ушул типтин өлчөө каражаттары бекитилген типтин өлчөө каражаттары болуп эсептелген дата көрсөтүлөт, көрсөтүлгөн дата колдонуу мөөнөтүнө киргизилет);
5) текшерүүлөрдүн ортосундагы интервал жөнүндө маалыматтар;
6) текшерүү методикасы жөнүндө маалыматтар;
7) заводдук номерлер жөнүндө маалыматтар (бир жолку өндүрүштүн өлчөө каражаттары үчүн гана);
8) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон сыноо актысын бекитүү датасы жөнүндө маалыматтар;
9) сыноо үчүн даярдалган жана (же) сыноого берилген өлчөө каражаттарынын заводдук сериялык номерлери же тамгалык-цифралык белгилениши жөнүндө маалыматтар;
10) метрология боюнча улуттук органдын чечими жөнүндө маалыматтар;
11) текшерүү методикасынын көчүрмөсү (колдонуудагы гана жарыяланат);
12) типти бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн берилген өлчөө каражаттарынын тибинин сыпаттамалары;
13) өлчөө каражаттарын даярдоочу жөнүндө маалыматтар (өлчөө каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), юридикалык жактын жайгашкан жери (ушул типтин өлчөө каражаттарын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу) жана дареги же жеке ишкердин жашаган (турган) жеринин дареги, ИСН (Кыргыз Республикасынын аймагында өлчөө каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн), телефондорунун жана факсынын номерлери, электрондук почта дареги жана расмий сайты (бар болсо).
10. Каттоо жол-жобосунан өткөн өлчөө каражаттары жөнүндө маалыматтар:
1) изилденген өлчөө каражаттарынын аталышы жана белгилениши жөнүндө маалыматтар;
2) Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде катталган өлчөө каражаттарынын номерине ылайык келген изилденген өлчөө каражаттарынын каттоо номери жөнүндө маалыматтар;
3) текшерүүлөрдүн ортосундагы интервал жөнүндө маалыматтар;
4) текшерүү методикасы жөнүндө маалыматтар;
5) заводдук номерлер жөнүндө маалыматтар (бир жолку өндүрүштүн, чакан партиянын өлчөө каражаттары үчүн гана);
6) өлчөө каражаттарын даярдоочу жөнүндө маалыматтар (өлчөө каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), юридикалык жактын жайгашкан жери (ушул типтин өлчөө каражаттарын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу) жана дареги же жеке ишкердин жашаган (турган) жеринин дареги, ИСН (Кыргыз Республикасынын аймагында өлчөө каражаттарын өндүрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн), телефондорунун жана факсынын номерлери, электрондук почта дареги жана расмий сайты (бар болсо).
11. Өлчөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар Оператор тарабынан электрондук түрдө юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден маалыматтарды алган датадан тартып 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө берилет.
Текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө Фондго берилүүчү маалыматтар юридикалык жактын жетекчисинин же жеке ишкердин колу менен ырасталууга тийиш.
12. Текшерүүнүн тартибине ылайык аткарылуучу өлчөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар ар бир текшерилген өлчөө каражаты жөнүндө маалыматты камтууга тийиш:
1) өлчөө каражаттарынын аталышы жана белгилениши (өлчөө каражаттарынын бекитилген тибине ылайык көрсөтүлөт);
2) өлчөө каражаттарынын заводдук (сериялык) номери же өлчөө каражатын бирдей мааниде идентификациялоочу башка тамгалык-цифралык белгилениши;
3) текшерилүүчү өлчөө каражаттарынын курамы (көп блоктук, көп каналдуу өлчөө каражаттары үчүн, анын ичинде өлчөө каражаттарынын ар бир автономдуу блогун же өлчөө каналын бирдей мааниде идентификациялоочу блоктордун заводдук сериялык номерлери же тамгалык-цифралык белгилениши (бар болсо);
4) эталондор, стандарттык үлгүлөр, өлчөө каражаттары жана текшерүүдө колдонулуучу материалдар;
5) текшерүү жүргүзүүгө негиз болгон документтин же документтердин аталышы жана (же) белгилениши;
6) текшерүү жүргүзүлгөн дата;
7) текшерүүнүн колдонуу мөөнөтү (текшерүүлөрдүн ортосундагы белгиленген интервалдын узактыгын эске алуу менен текшерүү датасына карата көрсөтүлөт, эгерде баштапкы текшерүү гана белгиленсе көрсөтүлбөйт).
13. Юридикалык жак же жеке ишкер маалыматтарды берген күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Фонддун Оператору тарабынан өлчөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жүзөгө ашырылат.
14. Фонддо камтылган документтерди жана маалыматтарды берүү электрондук документ түрүндөгү билдирүүлөр түрүндө Фонддун расмий сайты аркылуу, ошондой эле келип түшкөн суроо-талаптын формасына ылайык электрондук маалыматтар базасына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Фонддун электрондук маалыматтар базасында маалыматтарды жарыялоо мөөнөтү аларды Фондго берген учурдан тартып 30 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Жеке ишкерлердин, юридикалык же жеке жактардын (мындан ары - кызыкдар жак) жазуу жүзүндөгү арызы (кайрылуусу) боюнча документтерди жана маалыматтарды берүү кызыкдар жактын арызы (кайрылуусу) метрология боюнча улуттук органда катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө метрология боюнча улуттук орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук документ формасындагы, ошондой эле кат түрүндөгү документтер жана маалыматтар Фонддон жарыялануучу документтердин жана маалыматтардын бөлүгүндө гана берилет.
15. Фонддо камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүдө Оператор "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баш тартат.
16. Метрология боюнча улуттук орган ЕАЭБ органдарынын чечимдеринде каралган тартипте ай сайын ар бир айдын 1ине карата абал боюнча ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган документтерди ЕАЭБ интеграциялык маалымат системасына жайгаштырат.
17. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүү жана жүргүзүү метрология боюнча улуттук органдын атайын эсебинин каражаттарынын, донордук жардамдын жана гранттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 679 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда…Постановление · 14.12.2023 · № 679