# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 679 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 679 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 679
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25290/edition/5926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 679 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004160

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 14-декабры № 679

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн, жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилөө максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
