# Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 токтомуна)

- Толук аталышы: Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 токтомуна)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 664
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-529/edition/5917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 токтомуна) (12.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004150

---

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 токтомуна)

Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү ТАРТИБИ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартиби (мындан ары - Тартип) катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддер менен агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүүнү аныктайт.

Тартип "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 361 "Айыл чарбасында пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана кампага жыйноо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Айыл чарба өндүрүшүндө пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана топтоо боюнча нускамага ылайык, катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддер менен агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү жана жүгүртүүнү болтурбоо максатында иштелип чыккан.

2. Эгерде катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддер менен агрохимикаттар өндүрүүчүгө же анын өкүлүнө кайтарылбаган учурда бул продукция ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жөнүндө акт түзүү менен жок кылынууга тийиш.

Катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды, ошондой эле алардын идиштерин жок кылуу жеке жана юридикалык жактар - ушул продукциянын менчик ээлери тарабынан камсыз кылынат.

3. Продукциянын менчик ээси жок кылууну жүргүзүүдөн баш тарткан же аларды жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөгө көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кызмат адамы катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык тиркемеге ылайык кайтаруу актысын түзүү менен өндүрүүчүгө же анын өкүлүнө кайтаруу жөнүндө жазма буйрук берет.

4. Түзүлгөн актынын негизинде контролдоо постторунда жана пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана пайдалануу жайларында:

- катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу же өндүрүүчүгө же анын өкүлүнө кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынат;

- катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды обочолоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар жүзөгө ашырылат.

Катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу анын ээсинин катышуусунда жүзөгө ашырылат.

5. Катталбаган, тыюу салынган, контрафактылык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып чыгуу сактоо, ташуу жана жок кылуу менен байланышкан бардык чыгымдар ушул продукциянын менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

6. Ушул Тартипти колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагына пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүнү, ташып келүүнү/ташып чыгууну/транзиттөөнү, өндүрүүнү, сактоону, ташууну, сатууну, пайдаланууну жана утилдештирүүнү/жок кылууну жүзөгө ашырган юридикалык жактарга жана жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге жайылтылат.

## 2-глава. Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу тартиби жана тариздөө

7. Катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддерди жана агрохимикаттарды убактылуу сакталган жерден иш жүзүндө жок кылынган жерге ташуу жана мындай пестициддерди менен агрохимикаттарды жок кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адисинин катышуусунда жүргүзүлөт.

8. Тейлөө зонасында катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз болуп калган пестициддер жана агрохимикаттар табылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси жана пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылууга катышкандар тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жөнүндө эки нускада акт түзүлөт.

9. Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жөнүндө актыга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси, пестициддердин жана агрохимикаттардын менчик ээси же талаптагыдай таризделген документтин (ишеним кат, буйрук ж.б.) негизинде ыйгарым укук берилген менчик ээсинин адамы жана иш жүзүндө жок кылган адамдын өкүлү кол коёт.

Жок кылуу жөнүндө актынын биринчи нускасы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө калат, экинчи нускасы пестициддин жана агрохимикаттын менчик ээсине жана ал ыйгарым укук берген адамга берилет.

Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартибине 1-тиркеме

АКТ № \_\_\_\_\_\_\_ пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жөнүндө

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)

Бул акт төмөнкү адамдардын катышуусунда пестициддер менен агрохимикаттар жок кылынгандыгы жөнүндөгү 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ түзүлдү:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (пестидиддер менен агрохимикаттардын аталышы, саны, салмагы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жок кылуу ыкмасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жок кылынган жер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жок кылынган дата \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жок кылууда катышкандар:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн кызмат орду)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кол тамгасы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү)

М.О.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (менчик ээсинин (менчик ээсинин ыйгарым укуктуу адамынын) кызмат орду

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кол тамгасы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылган адамдын өкүлүнүн кызмат орду)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кол тамгасы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү)

Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартибине 2-тиркеме

Катталбаган, тыюу салынган, контрафакттык жана жараксыз пестициддерди жана агрохимикаттарды кайтаруу АКТЫСЫ № \_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөгө мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)

Бул акт пестициддер жана агрохимикаттар коопсуз иштөөгө мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси тарабынан түзүлдү

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү) (кол тамгасы) (кызмат орду) өкүлдүн катышуусунда \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (бажы жана/же чек ара органдары) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дан келген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ пестициддер жана агрохимикаттар \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ транспорт каражатынын № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ саны \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тонна/килограмм/литр, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ орун Жөнөтүүчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Экспедитор \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Алуучу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Көрсөтүлгөн жүк төмөнкү себеп боюнча \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ үчүн кайтарылган. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөгө мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү) (кол тамгасы) (кызмат орду)

Актынын көчүрмөсү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тапшырылды (кол тамгасы) (аты-жөнү)

М.О. 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_
