# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 "Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 "Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 664
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25281/edition/5909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 "Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө" токтому (12.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004136

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12-декабры № 664

Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 10-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу жана кайтаруу боюнча чараларды көрүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
