# Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 97/XXVI-28 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 97/XXVI-28 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97/XXVI-28
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230004125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25266/edition/5892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230004125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 97/XXVI-28 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому (09.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230004125

---

Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 111/XXVIX-28 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 18-сентябры № 97/XXVI-28

"Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде,Люксембург айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2. Люксембург, Логвиненко жана Туз айыл аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушу "Жайылма айыл аймагы" деген жаңы аталыш берилсин .

3. Люксембург айылынын аталышы ошол бойдон калсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

Төрага

К. Шайлдабеков
