# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 1952-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 1952-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1952-VII
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15315/edition/5766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 1952-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" токтому (03.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003994

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 14-марты № 1952-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1964-VII токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын үлгүсү жана схемалык сүрөттөрү 2-тиркемеге ылайык.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1495-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1964-VII токтомунун редакциясына ылайык)

Төрагасынын орун басары

Дж.Исаева
