# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 739-т (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын тандоо жөнүндө Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2023-жылдын 10-ноябрындагы N 1 протоколун бекитүү тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 739-т (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын тандоо жөнүндө Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2023-жылдын 10-ноябрындагы N 1 протоколун бекитүү тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 739
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003952>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19126/edition/5705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003952.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 739-т (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын тандоо жөнүндө Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2023-жылдын 10-ноябрындагы N 1 протоколун бекитүү тууралуу) Тескемеси (24.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003952

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 24-ноябры № 739-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобонун 33-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын тандоо жөнүндө Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 1 мамлекеттик тилде тиркелген протоколу бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" ыйгаруу үчүн комиссиянын жыйынынын № 1 ПРОТОКОЛУ

2023-жылдын 10-ноябры

Бишкек шаары

Төрага

\-

Э.Ж.Байсалов

Катчы

\-

Д.А.Акматова

Катышкандар

комиссиянын мүчөлөрү:

Авазбек уулу Расул, М.Т.Тагаев, У.Карыбаев, Ж.О.Кулманбетов, К.И.Эралиева, Н.У.Полотов, М.Мамбетакунов, Мукул Бакытбек

Катышкан жок:

А.А.Максутов, Ж.Д.Джунушев, Н.О.Калыбеков, Т.Б.Айдыралиев

КҮН ТАРТИБИ:

1. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын" лауреаттарын жана дипломанттарын тандоо.

2. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын" лауреаттарын жана дипломанттарын жашыруун жол менен тандоо.

3. Ар түрдүү.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Э.Ж.Байсалов, Авазбек уулу Расул, М.Т.Тагаев, У.Карыбаев, Ж.О.Кулманбетов,

К.И.Эралиева, Н.У.Полотов, М.Мамбетакунов, Мукул Бакытбек)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдан 23-августундагы № 514 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" ыйгаруу үчүн комиссиянын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү үчүн баардык талапкерлерди тизмеге киргизип сунуш кылышты. Жашыруун добуш берүү жыйынтыгы боюнча маалыматты угуп жана пикирлер менен алмашып, комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын" "Лауреаты" төмөндөгү талапкерлерге номинация боюнча наам берилсин:

№ 1 номинация "Адабият жаатындагы мыкты чыгарма"

- Жапар уулу Орозалы

№ 2 номинация "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма"

- Бердибаева Айгерим Акылбековна

№ 3 номинация "Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик"

- D Billions музыкалык тобу

№ 4 номинация "Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)"

- Бокоев Талгат

№ 5 номинация "Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор"

- Турдакунов Кенжебек Турдакунович

№ 6 номинация "Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы"

- Карыпбаев Уланмырза Нурдинович

№ 7 номинация "Кино жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)"

- Мадаким Элдияр

№ 8 номинация "Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш"

- Жок

№ 9 номинация "Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик"

- Жок

№ 10 номинация "Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик"

- Махмудов Акжол Махамаджанович

№ 11 номинация "Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн"

- Талантбекович Нурбек Талантбекович.

2. Добуштун жыйынтыгы боюнча Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын "Дипломанты" төмөндөгү талапкерлерге номинация боюнча наам берилсин:

№ 1 номинация "Адабият жаатындагы мыкты чыгарма"

- Орозалиева Чолпон Орозалиевна

№ 2 номинация "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма"

- Алимжанова Мунара Алимжановна

№ 3 номинация "Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик"

- Мукамбет уулу Аксайбек

№ 4 номинация "Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)"

- Момунбаева Зыйнат Сүйүнаалиевна

№ 5 номинация "Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор"

- Жок

№ 6 номинация "Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы"

- Исакова Жаңылай Алымкуловна

№ 7 номинация "Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)"

- Кошубакова Дария Акунбековна

№ 8 номинация "Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш"

- Айдарали уулу Эрнист

№ 9 номинация "Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик"

- Шарапова Жибек Закировна

№ 10 номинация "Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик"

- Абдувалиев Жалалдин Камалдинович

№ 11 номинация "Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн"

- Абдыманапов Медербек Арстанбекович.

2. Ар түрдүү

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Э.Ж.Байсалов, Авазбек уулу Расул, М.Т.Тагаев, У.Карыбаев, Ж.О.Кулманбетов,

К.И.Эралиева, Н.У.Полотов, М.Мамбетакунов, Мукул Бакытбек)

"Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын" комиссия мүчөлөрү пикирлер менен алмашып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды.

1. "Ч.Т.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын" салтанаттуу ыйгарууну 2023-жылдын 28-ноябрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине белгиленген тартипте:

- "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" салтанаттуу тапшыруу аземинин форматын жана өткөрүү орду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштарды киргизсин;

- комиссиянын жыйналышынын протоколун бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы" жөнүндө жободогу ар бир номинация боюнча кичи комиссиясы түзүлсүн жана жобого айрым өзгөртүүлөр киргизилсин;

- жаштардын сынакка катышууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" даңазалоо жана жайылтуу боюнча чаралар көрүлсүн;

- "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" изденип алуу сынагын 2025-жылы өткөрүү боюнча чечим кабыл алынсын.

Комиссиянын төрагасы

Э.Байсалов

Комиссиянын катчысы

Д.Акматова
