# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 04-октябры № 02 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 04-октябры № 02 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 02
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25127/edition/5688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 04-октябры № 02 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому (04.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003936

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2022-жылдын 04-октябры № 02 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайына (мындан ары - Курултай) Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо күнү - 2022-жылдын 5-ноябрында (ишемби күнү) саат 10:00дө белгиленсин, дареги: Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү, 2 (В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайы).

2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Курултайга өкүлчүлүктүн нормасы 200 делегат болуп белгиленсин.

4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн чогулушунун графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:

- 2022-жылдын 31-октябрына чейин Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын чогулушун өткөрүлсүн;

- Кара-Балта шаарынын калкын боло турган Курултай жөнүндө маалымдоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүлсүн;

- Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибинин долбоорун Курултайда бекитүү үчүн иштелип чыксын.

6. Кара-Балта шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтсүн.

7. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – Дүйшөналиев Мирбек Кубанычбековичке, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – Сарсембаев Галым Арипжановичке жүктөлсүн.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Таркатылсын: көктөмөгө,ТДКга, ЖРМАга, ММК, Кара-Балта шаарынын мэриясына

Кеңешинин төрагасы

М. Дуйшеналиев

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын "04" октябрындагы № 02 токтомуна 1 Тиркеме

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Комиссиянын төрагасы:

1. Дуйшеналиев М.К. – Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы;

Комиссиянын төрагасынын орун басары:

2. Шыгаева Н.А. – “Ыйман Нуру” с/п депутаты, социалдык маселелер боюнча тдк мүчөсү;

Комиссиянын катчысы:

3. Кожомкулова Г.А. – Кара-Балта шаардык кенешинин жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

4. Кара-Балта шарынын мэриясынын өкүлү – макулдашуу менен;

5. Ачакеева А.Б. – социалдык маселелер боюнча тдк орун басары (саламатты сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу);

6. Асаналиев А.У. – «Күчтүү коом –Сильное общество» с/п депутаты, социалдык маселелер боюнча тдк мүчөсү (саламатты сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу);

7. Аманов А.Г. – “Социал Демократтар” с/п депутаты, өнөр жай, транспорт, шаар куруу жана архитектура боюнча тдк мүчөсү;

8. Билялова А.Б. – “ЭлАман” с/п лидери, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча тдк мүчөсү;

9. Токтуева М. К. – Кара – Балта шаарынын БМжанаБ тобунун төрайымы, жергиликтүү коомчулуктун мүчөсү.

Кара-Балта шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

Г.А. Кожомкулова

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын "04" октябрындагы № 02 токтомуна 2 Тиркеме

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайга делегаттарын көрсөтүү үчүн Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамааттын чогулуштарын өткөрүү боюнча МЕРЧЕМИ

1. Жайыл райондук маданият үйүнүн административдик имараты - 15 октябрь 2022 жыл саат 11-00;

2. В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайынын административдик имараты - 29 октябрь 2022 жыл саат 11-00.

Кара-Балта шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

Г.А. Кожомкулова
