# Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын 2024-жылдын 12-февралындагы № 10 "Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын 2024-жылдын 12-февралындагы № 10 "Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77869/edition/5648/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын 2024-жылдын 12-февралындагы № 10 "Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому (12.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003902

---

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

2024-жылдын 12-февралындагы № 10

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү” типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун 9,10, 11 беренелерине ылайык Боз-Учук айылдык кенеши токтом кылат :

1. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2024-2028-жылдарга пайдалануунун Келечек планын бекитилсин.

2. Боз-Учук айыл аймагында жерлерди ижарага берүүдө келечек планды жетекчиликке алуусу айыл өкмөтүнүн алдындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.

Төрага Б.Термечиков
