# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 124-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 124-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 124-р
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77854/edition/5611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 124-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003865

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 2-апрели № 124-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан "Ак-Моло" каолин участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу тиркемеге ылайык берилсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан "Ак-Моло" каолин участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

13267622

4594189

2

13268150

4594167

3

13267684

4592918

4

13267437

4592945

5

13267410

4593566

Аянты 56,5 га
