# Көк-Ой айылдык кенешинин 2024-жылдын 3-февралындагы № 31 “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Ой айылдык кенешинин 2024-жылдын 3-февралындагы № 31 “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003836>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25054/edition/5572/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Ой айылдык кенешинин 2024-жылдын 3-февралындагы № 31 “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому (03.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003836

---

КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Ой айылдык кенешинин IX-чакырылышындагы XXXI - сессиясы 2024-жылдын 3-февралы № 31

“Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүгүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Көк-Ой” айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси бириктирүү жолу менен «Кең-Кол айыл аймагынын айылдык кеңеши» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Көк-Ой” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Мурат Шамильге жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

Төрага

Джусупбеков К.М
