# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 "Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 "Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 614
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25023/edition/5528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 "Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003798

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-ноябры № 614

Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Көп батирлүү үйлөрдүн жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин курулушунун катышуучуларына кепилдиктерди камсыз кылуу жана заказчылардын жана куруучулардын куруу ниеттерин ийгиликтүү жана ак ниет ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жапаров
