# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230003793)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 73 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003793/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5318/edition/5524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003793/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (02.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003793/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган чечимдерди кошпогондо, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;";

2) 260-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган кыскартылган иш боюнча өндүрүштү прокурордун кайра баштоосуна жол берилбейт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230003793/st-2)
