# Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 11/2 "Дөбөлү айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын ишке киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 11/2 "Дөбөлү айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын ишке киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/2
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003790>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-25017/edition/5519/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 11/2 "Дөбөлү айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын ишке киргизүү жөнүндө" токтому (15.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003790

---

ДѲБѲЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясынын

2023-жылдын 15-декабрындагы № 11/2

Дөбөлү айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын ишке киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4 Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-январынан баштап Дөбөлү айыл аймагына мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Дөбөлү айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А. Нурмуканбетовага милдеттендирилсин

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Дөбөлү айыл өкмөт башчысы К.Усуповго тапшырылсын.

Төрага

К. Субанбеков
