Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ДѲБѲЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын
2023-жылдын 20-ноябрындагы № 9/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2023-жылдын 20-ноябрында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 9-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 токтому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын алкагында аймактык территориалдык реформа (АТР) ишке ашырылып, жаңы Дөбөлү айыл өкмөтү түзүлүп “Стратегиялык өнүгүү планы” 2024-2028-жылдарга 2023-жылдын 20-ноябрындагы өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгында Дөбөлү айыл аймагынын жарандарынын катышуусунда талкуу боюнча 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планы толуктоо катары киргизилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планындагы коюлган иш чараларды аткаруу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
Төрага
К. Субанбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Күчүн жоготкон