# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №9 “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешине штатык бирдик кошуу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №9 “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешине штатык бирдик кошуу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24986/edition/5481/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №9 “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешине штатык бирдик кошуу жөнүндө” токтому (29.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003758

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

2024-жыл 29-март №9

“Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешине штатык бирдик кошуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун №5-тиркемесине ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги санынын чегине ылайык бекитилсин.

2. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүгө жана айдоочуга 2024-жылдын 1-мартынан тартып мыйзам чегинде эмгек акыларын төлөп берүү жагы шаардык мэриянын башкы эсепчиси (Т.Акбаралиев) милдеттендирилсин.

3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www. jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Төрага:

Н.Орозбаев
