# Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24905/edition/5375/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 16 "Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө" токтому (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003655

---

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII-чакырылышынын XI-сессиясы

2023-жылдын 10-октябры № 16

Эӊилчек айылдык аймагын өзүнчө айылдык аймак катары калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Эӊилчек айылдык аймагынын Кыдыр-Аке же болбосо Хан-Теӊири айылдык аймактардын бирөөсүнө кошулуу сунушу четке кагылсын.

2. Эӊилчек айылдык аймагынын айылдары “Өзгөчө статусу” бар, бийик тоолуу, алыскы, чек ара аймактарынын катарында тургандыгын эске алуу менен жана элдик жыйындардын каршылыгын белгилеп, Эӊилчек айылдык аймагы өзүнчө айылдык аймак болуп калтырылсын.

3. Бул чечим жогорку инстанцияларга жеткирилсин.

4. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

А.У. Исмаилова
