# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 109-т ("2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 109-т ("2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 109-р
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19125/edition/5373/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 109-т ("2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) Тескемеси (25.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 25-марты № 109-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде:

1. "2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 109-т тескемеси менен жактырылган

"2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 28-т тескемеси менен жактырылган. Бул Макулдашуу республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу каражаты катары каралат, анткени бир эле өлкөдө салык салынышын билген чет өлкөлүк фирмаларга өлкөгө инвестиция салууга мүмкүндүк берилет. Мындан тышкары бул Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашкан мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат. Макулдашуу биздин мамлекеттин Нидерланддар Королдугу менен салык мыйзамдарынын өз ара мамилелеринде жалпы мамилени иштеп чыгуу үчүн да зарыл, ал бир эле учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында улуттук жоболорду чагылдырмак. Мындан тышкары жогоруда аталган Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат. Макулдашуу өлкөлөр ортосундагы сооданы жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле голландиялык компаниялардын Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Белгилей кетүүчү нерсе, бул Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
