Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 токтомуна)
Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, гидрометеорология жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабыман Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик гидрометеорологиялык реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) жүргүзүү, жеке жана юридикалык жактар тарабынан гидрометеорологиялык маалыматтарды, айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын жана маалыматтык продукцияларды берүү тартибин аныктайт.
2. Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөр Мамлекеттик реестрде катталган Дүйнөлүк метеорологиялык уюмунда каралган форматта ыйгарым укуктуу органга алгачкы байкоолордун маалыматтарын акысыз берет.
Гидрометеорологиялык маалымат мамлекеттик гидрометеорологиялык фондду түзүү максатында маалымат өндүрүүчүлөр тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет.
3. Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматка кирбеген гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөр (гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар) ыйгарым укуктуу органда (Мамлекеттик реестрде) гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик каттоосунан өтөт.
4. Мамлекеттик реестр гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар жөнүндө маалыматтардын тизмесинен турат.
5. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан өндүрүлгөн гидрометеорологиялык мониторингдин жана айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүлгөн маалыматтары, бул жактар Мамлекеттик реестрде катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
6. Мамлекеттик реестрди түзүү үчүн гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу башталганга чейин юридикалык жана жеке жак ыйгарым укуктуу органга (же электрондук почтага) төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен тиешелүү арыз жиберет:
1) жеке жана юридикалык жактын аталышы (аты-жөнү, анын жашаган жери (болгон жери) же турган орду, электрондук почтанын дареги;
2) гидрометеорологиялык иш, гидрометеорологиялык маалыматтардын өндүрүшүн түзгөн анын кээ бир түрлөрү же айрым жумуштары жана (же) кызмат көрсөтүүлөрү жүзөгө ашырылып башталган жана токтотулган күн;
3) гидрометеорологиялык иштин, гидрометеорологиялык маалыматтардын өндүрүшүн түзгөн кээ бир түрлөрүнүн же айрым жумуштарынын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеси;
4) гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон оң абалдагы техникалык каражаттардын, анын ичинде приборлордун жана жабдуулардын (аларды текшерүү жана (же) калибрлөө күбөлүктөрү), башка мүлктүн тизмеси;
5) гидрометеорологиялык байкоо жүргүзүү пункттарынын тизмеси (эгерде бар болсо), алар түзүлгөн күн, даректери, гидрометеорологиялык байкоо жүргүзүү пункттары жайгашкан жердин мүнөздөмөсү;
6) төмөнкүлөрдүн бар экендиги жөнүндө документ түрүндө ырасталган маалымат:
- юридикалык жакта - гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү кесиптик билими, квалификациясы бар туруктуу кызматкерлер штатынын;
- жеке жакта - гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү кесиптик билиминин, квалификациясынын.
7. Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн арыз жана ага тиркелген документтер Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
Комиссиянын курамы жана анын иши жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Арыз берүүчүнү Мамлекеттик реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен протокол менен таризделет.
Ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарына ылайык келбеген арыз берилген, ошондой эле жалган маалыматтар көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүгө электрондук почта аркылуу арыз ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгендигин маалымдайт.
9. Жеке жана юридикалык жактар өздөрү жиберген жазуу жүзүндөгү арыз ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарына ылайык келбегендиги белгилүү болгон же белгилүү боло турган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде такталган маалыматтарды берет.
10. Арыз ээсин Мамлекеттик реестрде каттоодон баш тартылган учурда жеке жана юридикалык жактар метеорологиялык, гидрологиялык жана башка гидрометеорологиялык байкоолорду, ошондой эле байкоо маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүүнү камтыган гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашырууга укуксуз.
11. Арыз ээсин Мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ага реестрдик (каттоо) номери ыйгарылат.
12. Ыйгарым укуктуу орган Мамлекеттик реестрди ушул Жобонун тиркемесине ылайык электрондук түрдө жүргүзөт.
13. Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчү Комиссиянын чечиминин негизинде Мамлекеттик реестрден төмөнкү учурларда чыгарылууга тийиш:
1) гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын бузган же гидрометеорологиялык маалыматты ыйгарым укуктуу органга бербеген;
2) гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүү ишин токтоткон;
3) гидрометеорологиялык ишти, гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүнү түзгөн анын кээ бир түрлөрүн же айрым жумуштарын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу токтотулган;
4) гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашырууда өлчөөлөр гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн.
Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме
Форма
Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашырууга мамлекеттик гидрометеорологиялык реестрдин № __________
Уюмдун же жеке жактын аталышы (ИСН, дареги): ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Иш жөнүндө кошумча маалымат: ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Байкоо пунктунун жайгашкан жери жана координаттары:
1. __________________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________________________
Байкоонун тизмеси (түрү):
1. __________________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________________________
4. __________________________________________________________________________________
5. __________________________________________________________________________________
6. __________________________________________________________________________________
Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн техникалык каражаттардын тизмеси:
1. __________________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________________________
4. __________________________________________________________________________________
5. __________________________________________________________________________________
6. __________________________________________________________________________________
Эксплуатациялоо пландалган мезгил: ____________________________________________________________________________________
Тиешелүү кесиптик билими жана квалификациясы бар туруктуу штаттык кызматкерлер жөнүндө маалыматтар:
1. __________________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________________________
Кошумча маалымат: ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________
Дата: ________________________________
Аты-жөнү
колу:
__________________________________
______________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.