# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 "Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 "Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 592
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230003628/edition/5353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 "Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003628

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-ноябры № 592

Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын аба-ырайын болжолдоо жана метеорология боюнча кызмат көрсөтүүлөр секторун либералдаштыруу планын ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган чечимдерге ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 15-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 103 "Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
