# Кыргыз Республиксынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 117-т (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагынын Барак эксклавынын тургундарын көчүрүү тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республиксынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 117-т (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагынын Барак эксклавынын тургундарын көчүрүү тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19124/edition/5348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003626.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республиксынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 117-т (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагынын Барак эксклавынын тургундарын көчүрүү тууралуу) Тескемеси (01.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003626

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 1-апрели № 117-т Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагынын Барак эксклавынын тургундарын көчүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

1) Барак эксклавынын тургундарын жерлерди багыты боюнча бөлүштүрүү менен алардын өлчөмүн эске алып Өзбекстан Республикасынан алынган аянты 208 га жерге белгиленген тартипте көчүрсүн;

2) бузулуп алынган социалдык объектилердин жана тургундардын турак жайларынын курулуш материалдарын ташып чыгуу графигин бекитсин;

3) жарандарды көчүрүү мезгилинде тамак-аш азыктары менен камсыздоого көмөк көрсөтсүн;

4) жергиликтүү бюджеттин жана каржылоонун башка булактарынын каражаттарынын эсебинен көчүрүлгөн Барак айылынын тургундарын таза суу менен камсыздасын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте калктуу конуштун аймагын аныктасын жана бир жумалык мөөнөттө 38 га жерди деталдуу пландоо долбоору менен айкалыштырылган башкы планды белгиленген тартипте иштеп чыксын;

2) Барак айылынын социалдык объектилеринин тизмесин аныктасын жана 2025-жылга курулуш планына киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ички ирригациялык системаларды куруу боюнча иштерди жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы берген тизмеге ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна жана жарандардын жер үлүштөрүнө укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүүнү акысыз негизде жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы:

1) Барак эксклавынын тургундарынын турак жай үйлөрүнүн жана жер үлүштөрүнүн менчик ээлеринин тизмесин аянтын көрсөтүү менен түзсүн;

2) Барак айылынын бекитилген башкы планына ылайык жер участокторуна муктаж жарандардын тизмесин түзсүн;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте Барак эксклавындагы бузулуп алынган социалдык объекттердин жана турак жайларынын курулуш материалдарын ташып чыгуу боюнча чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

1) Барак айылындагы ички жолдорго шагыл төшөө боюнча иштерди уюштурсун;

2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Барак эксклавынын тургундарын көчүрүү үчүн техникалар жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Барак эксклавынын тургундарын көчүрүү үчүн өздүк курам менен камсыз кылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Барак айылына электр берүү линияларын өткөрүү, электр мамыларын орнотуу жана трансформаторлор менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Барак эксклавынын тургундарын тоскоолдуксуз көчүрүү боюнча чараларды көрсүн.

10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
